Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Нажафтагы мечиттин жанына АКШ аскерлери менен ирактык күчтөр да жайгашты


Имам Али мечитинин ичинде жана короосунда шийиттердин радикал диниятчысы Моктада ас-Садрдын америкалык аскерлер менен салгылашып жаткан "Мехди" армиясынын согушкерлери бир нече аптадан бери башкалкалоодо. Ирактын коргоо министри Хасим ал–Шааландын бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, бул жердеги тирешүүнү аягына чыгаруу үчүн "чечүүчү сааттарга" аз калды. Ал эми "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысы Пейман Пежман бүгүн Нажафтан буларды билдирди:

- Башка кабарчылардын жана шаардыктардын айтканына караганда, "Мехди" армиясы мечиттин ички аймагын көзөмөлдөөнү улантууда, бул сырткы дубалдан 400-500 метрдей аралыкта. Мечиттин айланасы Нажафтын көчөлөрү ирактык жана америкалык аскерлердин көзөмөлүндө.

Багдадда болсо бүгүн Ирак өкмөтүнүн экология жана билим берүү министрлеринин автокербенине өз-өзүнчө кол салынып, жарылуулардан министрлердин беш жансакчысы мерт болуп, ону жаракат алды.

XS
SM
MD
LG