Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Гуантанамодогу аскер базасында сот иштери каралууда


АКШнын Гуантанамодогу аскер базасында кармалгандардын үстүнөн сот иши карала баштады. Кечээ аскер трибуналында камакта жаткандардын биринин, тактап айтканда, Йемендин атуулу Салим Ахмед Хамдан сот иши башталды. Тергөөнүн жыйынтыктары боюнча Ахмед Хамдан “Ал-Каида” уюмунун башчысы Усама Бин Ледендин айдоочусу жана жан сактагычы болгон. Ахмед Хамданга жана аскер тирибуналында сот иши каралып жаткан дагы башка үч атуулга аскердик кылмыштарды уюштурууга даярдык көрүшкөн деген айыптар коюлууда. Эл аралык укук коргоо уюмдары Гуантанамодогу камакта отургандардын үстүнөн сот ишинин жүргөнүн мыйзамсыз деп айтышууда. Анткени алардын АКШнын мыйзамдарында жана Женева конвенциясында каралган укуктары бузулууда.

XS
SM
MD
LG