Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:22

Израил түрмөсүндөгү палестиндер ачкачылык акциясын улантууда


Иордандын Батыш жээгинде, Хеврон шаарында кечээ палестиндердин массалык демонстрациясы өттү. Нааразылык акциясына чыккандар Израилдин абактарында ачкачылык жарыялагандарды колдоп чыгышты. Израилдин түрмөлөрүндө 2,5 миңге жакын палестин өткөн аптадан тарта ачкачылыкта отурат. Алар түрмөлөрдөгү шарттарды жакшыртууну талап кылышууда. Израилдин саламаттык сактоо министри Данни Наве буга чейин камакта медициналык жардамга муктаж адамдар ооруканаларда эмес, турмөнүн ичинде дарыланышат деп маалымдаган.

XS
SM
MD
LG