Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:38

Британиянын тышкы иштер министри Дарфурда болду


Улуу Британиянын тышкы иштер министри Жек Строу кечээ Судандын Дарфур поовинциясындагы качкындар лагеринде болду. Маалыматтарга караганда, бул лагерде 55 миңге жакын кара африкалыктар бар. Жек Строу лагерде болгондон кийин мындай деди:

- Адамдар өтө чоң азаптарды тартышууда. Аларды өлтүрүшүүдө, алар өздүрүнүн жакындары менен балдарын жоготушууда. Алар ооруп, алган жаракаттарынан азап чегип жатышат. Балдардын көпчүлүгү тамак-ашы жок, ачка жатат. Ошондуктан, биздин башкы максатыбыз – алардын башына түшкөн азап-кайгыны сүрөттөө эмес, иш жүзүндө аларга жардам көрсөтүү.

Строу ошондой эле Судандын бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Британия Дарфурда бейпилдикти орнотуу миссиясын каржылоого даяр деп билдирди.

Маалыматтарга караганда, акыркы 1,5 жылдын ичинде эле Дарфур провинциясында араб согушчандары тарабынан 50 миңге жакын кара африкалыктар өлтүрүлөгөн. Бир миллионго жакыны үйлөрүн таштап качууга мажбур болушкан.

XS
SM
MD
LG