Соңку маалыматтарга караганда, Ирактын ыйык Нажаф шаарында америкалык аскерлер менен шийилердин радикал дин башчысы Моктад ас-Садрдын жоокерлеринин ортосундагы кагылышуулар уланууда. Америкалык авиация ас-Садрдын күчтөрүнө карата жаңы чабуулдарды койду. Нажафтагы имам Алинин мечитинин тегерегине кошумча америкалык жана Ирак өкмөтүнүн аскерлери тартылууда. Ирактын коргоо министри Хазим аш-Шаалан ас-Садрдын жоокерлеринен куралдарын тапшырууну талап кылды. Ирактагы козголоңчулар Италиялык журналистти барымтада кармоону улантууда. Козголоңчулар Римден Ирактагы аскерлерин чыгарып кетүүнү талап кылып жатышат.