Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:13

Кыргызстан коммунисттер партиясынын Жалалабад облустук бөлүмү жыйналыш өткөрдү


ЖАЛАЛАБАД. Облустук комитет 10-октябрда өтүүчү айыл, шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо жана Жалалабад шаардык округдук комиссиянын курамына талапкерлерди кайра көрсөтүү маселесин талкуулады. Комитеттин маалыматы боюнча Жалалабад шаардык округдук комиссияга мурда сунушталган талапкерлер комиссия курамына кирбей калганы үчүн шаар кеңешине нааразылык билдирилди. Кызуу талаштан кийин Жалалабад шаар кеңешинин депутаттыгына жана округдук комиссиянын курамынын талапкерлигине экиден төрт коммунисттин ысымы аталды. Бул тууралуу коммунисттердин шаардагы төрайымы Зейнет Мамытканова кабарлады.

XS
SM
MD
LG