Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:28

Ыссыккөл облусунда малдын бруцеллез, күйдүргү жана шарп ылаңдары көбөйүүдө


КАРАКОЛ. Облус боюнча 242 ветеринардык дарыгер жетишпейт, же ар бир ветеринардык адиске 1693 малды дарылоого туура келет. Бул тууралуу маалымат облустук ветеринардык башкармалыгынын демилгеси менен уюштурулган семинарда белгилүү болду. Иш чарада айтылган маалыматтарга караганда, жергиликтүү бюджеттен аталган башкармалыкка 3 млн. сомдон ашык каражат бөлүнүүгө тийиш. Бирок ал акча дээрлик берилген жок. Малдын шарп, сибирь жарасы, брюцеллез, эхинокок ылаңдары кескин өсүүдө. Маселен, Ысыккөл районундагы Тамчы, Торайгыр айылдарында малдын шарп ылаңы көбөйгөндүктөн, бул айылдарга карантин киргизилди. Ошондой эле 108 жерден сибирь жарасы катталган. Жугуштуу бул илдеттерди алдын алуу үчүн 700 миң вакцина керектелүүгө тийиш. Бирок аны сатып алууга облустук ветеринардык башкармалыктын чама-чаркы аз.

XS
SM
MD
LG