Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:17

Нарын шаарынын жаңы мэри шайланды


НАРЫН. 25-августта Нарын шаарынын депутаттар кеңешинин 23-чакырылыштагы 38-кезексиз сессиясы болду. Ага 20 депутаттан он тогузу жана облустун губернатору Аскар Салымбеков, президенттин администрациясынын уюштуруу жана кадр саясат бөлүмүнүн инспектору, Нарын облусу боюнча куратор Василий Красильников катышты. Күн тартибине коюлган 4 маселенин эң маанилүүсү июль айында шаар статусун алган Нарын шаарынын мэрин шайлоо болду. Президент эки талапкер көрсөткөн. Бири учурда Нарын шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бейшеналы Боогачиев жана облустук администрацияда иштеген Абсатар Кубаев. Кубаев өз каалоосу менен талапкерлигин алып салды. 19 депутаттын 16 добушу менен Нарын шаарынын мэрине Бейшеналы Боогачиев шайланды.

XS
SM
MD
LG