Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Август, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:48

Түрктөр миллион доллар берет

БИШКЕК. 4-августта Анкара шаарында Кыргызстандын элчиси Аманбек Карыпкулов менен Түркиянын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын каражаттарды башкаруу жана пландоо департаментинин башчысы макулдашууга кол койду. Ага ылайык Түркия Кыргызстандын куралдуу күчтөрүн реформалоого 1 миллион доллар өлчөмүндө грант бөлөт жана ал материал, кызмат көрсөтүү түрүндө быйыл бериле баштайт. Бул тууралуу АКИпресс агенттиги бүгүн кабарлады. Түркия 1999-жылы Кыргызстанга 4 миллион доллар өлчөмүндө аскердик техникалык жардам көрсөткөн.
XS
SM
MD
LG