Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:10

Кыргызстан түрмөдө олтургандардын саны боюнча алдыда


БИШКЕК. Кыргызстан түрмөдө олтурган атуулдардын саны боюнча дүйнөдөгү 150 мамлекеттин ичинен 11-орунду ээлейт. Мындай маалыматты АКИпресс агенттиги Орусиянын "Бизнес консальтинг" аттуу маалымат агенттигинин билдирүүсүнө таянып таратты. Ал маалыматка караганда, 150 мамлекеттин ичинен биринчи орунду ар бир 100 миң жаранынын 715и түрмөдө жаткан АКШ ээлейт. Экинчи орунда ар бир 100 миң атуулунун 584ү жаза өтөп жаткан Орусия, үчүнчү орунду Беларус ээлейт. Ал эми Кыргызстандын ар бир 100 миң атуулунун 390у түрмөдө отургандыктан 11-орунду ээлеген. Түрмөлөрдү изилдөө боюнча эл аралык борбордун иликтөөсүнө караганда, кандай гана коом болбосун түрмөгө мыйзам бузгандардын белгилүү гана бир бөлүгү түшөт. Түрмөгө бир түшкөн адам боштондукка чыккандан кийин деле эски адатын карматып, жаза өтөө жайына кайра келет. Ушундан улам азыр көп мамлекеттерде түрмөдөн чыккандарды кадимки турмушка көндүрүү аракеттери көрүлүүдө.

XS
SM
MD
LG