Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:47

Испаниянын аскерлери "Гансиге" келди


БИШКЕК. Антитеррористтик коалициянын Кыргызстандын «Манас» аэропортундагы аскердик базасына Испаниянын 50 жоокерден турган тобу келип кошулду. Мындай маалымат бүгүн "Ганси" атындагы авиабазанын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн алынды. Ал маалыматка караганда, алар Испаниянын Сарагоса шаарынан Геркулес С-130 жүк ташуучу самолету менен келди. Алар бул жерде 6 айга чейин болуп, ушул жылдын октябрь айында Ооганстанда өтө турган президенттик шайлоонун алдындагы коопсуздукту камсыз кылуу аракетин көрөт. Азыр «Манас» аэропортундагы базада АКШ жана Испаниянын 1200 жоокери бар.

XS
SM
MD
LG