Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:59

Азербайжандын президенти И.Алиев Тоолуу Карабах Азербайжандын бөлүгү экенин бышыктады


Ал өз алдынча бөлүнүп алган Тоолуу Карабах чөлкөмү Азербайжандын курамында калышы керек деген пикирин Берлиндеги сапары маалында кайталады. Германияда ал канцлер Герхард Шрөдер менен жолугушту. Президент Алиев армяндар Азербайжанда жыргап-куунап жашай беришсин, бирок алар Бакудагы өкмөткө баш ийүүгө тийиш деп белгиледи. Шрөдер Берлиндеги жолугушууда маселе тынч жол менен чечилиши керек деген пикир үстөмдүк кылганын белгиледи. "Президент Алиев экөөбүз Тоолуу Карабах чатагы саясий жолдор менен чечилүүгө тийиш экенине макул болдук, Германия Бакунун ушул багыттагы аракеттерин колдойт", - деди немец канцлери. Тоолуу Карабахта жашаган армяндар кандуу согуш аркылуу чөлкөмдө өз бийлигин орнотуп алышкан. 1994-жылы куралдуу касташуу токтогондон бери юридикалык жактан Азербайжанга таандык аймак боюнча орток пикир табуу аракеттеринен майнап чыга элек.

XS
SM
MD
LG