Тажикстандагы бир катар көз карандысыз жана оппозициячыл басылмалар чыкпай калганына Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму да кабатырлануусун билдирди. Тажик бийликтери өткөн аптада белгилүү басмакананы жаап салгандан кийин өлкөдөгү үч окумал гезит чыкпай калган. Бийликтегилер басмакана салыктар боюнча мыйзамдарды бузгандыктан жабылганын айтса, көз карандысыз гезиттер – бул чечимди эмдиги жылы боло турган парламенттик шайлоо алдында алардын оозун басуу аракети катары кабылдашты.
АКШ, Британия, Германия жана Франция Тажикстандагы сөз эркиндигинин абалына байланыштуу тынчсызданууда