Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:29

Америкалык комиссия Ирак түрмөсүндөгү укук бузуулар үчүн жоопкерчилик АКШнын расмий жана армия өкүлдөрүндө деп тапты


АКШнын мурдагы Коргонуу катчысы Жеймс Шлессигнер жетектеген комиссия ошол эле убакта айыпкерлерди кодулоо АКШнын расмий саясаты болгон эмес деген жыйынтык чыгарды.

Шлесигнер кабарчыларга ирактык айыпкерлерди кодулоо үчүн Абу Грайб түрмөсүндө түнкүсүн иштеген америкалык түрмө кызматкерлери жоопкер деди:

- Tүнкүсүн иштегендер - садизмге жол берип, кишини кордоп, ошондон ыракат алышкан, бирок бул жогортон көргөзмө менен болгон эмес. Түнкү смендегилер түрмөнү айбанаттар үйүнө айлантып алышкан.

Ошол эле убакта Шлессингер АКШнын Коргонуу катчысы Дональд Рамсфелддин отставкага кетишине каршы чыкты, анын пикиринде мындай кадам Американын кас-душмандарынын гана чырагына май тамызат. Укук коргоочу Хьюман райтс Уотч уюму Шлессигнер жетектеген комиссиянын отчетун "АКШ өкмөтүнүн айыпкерлерди кордоого жана кыйноого жол берген саясатын талдоого алган жок" деп сындады.

XS
SM
MD
LG