Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:12

СЕНТЯБРДА КҮЙҮҮЧҮ МАЙ КЫМБАТТАЙТ


Сентябрда Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы орто эсеп менен 2 сомго кымбаттамакчы. Өлкөнүн нефтетрейдерлер ассоцациясынын президенти Олег Забара анын себебин дүйнөдө мунайзаттардын баасынын көтөрүлүп жатканы менен түшүндүрдү. Ошол эле убакта Казакстандын Чымкент нефтьзаводу июнь айынан бери Кыргызстанга убада кылган күйүүчү майларды бербей келатат. Ошондон улам Кыргызстандын фирмалары Орусиядагы нефтьзаводдор менен сооданы күчөтүүгө аргасыз болушууда.

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоцациясынын президенти Олег Забаранын айтымында, жыл башынан бери эле мунайзаттардын дүйнөлүк баасы көтөрүлгөндүн үстүндө келатат. Бирок мындан ары анын баасын кармап турууга мүмкүнчүлүк болбой калды, анткени дүйнө жүзүндө баалар өсүп, ошондон улам негизги соода өнөктөштөр болгон Казакстан менен Орусиядагы мунай иштетүүчү ишканаларды да кымбатчылык омуроолоп турган чак:

- Биз мунайзаттарды ташып келүүчү мамлекеттерде ай сайын баалар өсүп жатат. Августта бааларды кармап турууга мүмкүнчүлүктөр болду. Сентябрда күйүүчү майлардын баасы орточо 2 сомго кымбаттайт, - деди Олег Забара «АКИпресс» агенттигинде 26-сентябрда өткөн маалымат жыйында.

«Мунай мырза» фирмасынын президенти Улан Базаркуловдун айтымында, Кыргызстанда күйүүчү майлардын баасын арзан кармап турууга өкмөт жана Жогорку Кеңеш акциз салыгын азайтып бергени таасир берген. Ошондой эле Бишкек мэриясы күйүүчү майды саткан учурда алынуучу жергиликтүү салыктын өлчөмүн 4 проценттен 2 процентке азайтып бергени да Кыргызстанда бааларды туруктуу кармоого оң таасирин тийгизген. Бирок мындан ары ага алыбыз келбей калды дейт Улан Базаркулов:

- Орусиянын Омск шаарында мунай иштетүүчү завод бар. Ал эми ошол эле Омск шаарынын өзүндө АИ-80 бензининин бир литри 16 сом 30 тыйын турат. Ал эми бизде ал бензин 14 сом 70 тыйын. Айырмасын көрүп жатасыңар. Баалар көтөрүлсө Кыргызстанда бензиндин баасы Орусияныкына теңелет го деп ойлойм. Себеби биз алардан алыс кеталбайбыз. Бүгүнкү күндө биздин баалар Казакстандыкы менен бирдей, бирок Орусиядан төмөн. А негизи баалар бүтүн дүйнөдө - Өзбекстанда, Түркмөнстанда, Орусия, Казактсанда, Тажикстанда, Украинада, Америкада жана Европада өсүп жатат.

Күйүүчү майлардын баасы антип кымбаттап турган чакта Чымкенттеги мунай иштетүүчү завод Кыргызстандын фирмалары алдында алган милтемелерин аткарбай келатат. Чымкент заводу келишимге ылайык июнь-август айлары үчүн күйүүчү майларды Кыргызстанга жөнөтө элек:

- Бизде Чымкент мунай заводу октябрда техникалык ремонтко жабылышы мүмкүн деген маалымат бар. Алар менен бир жылдык келшишимибиз болгонуна карабай, завод сентябрдан тартып эле бизге күйүүчү май берүүдөн баш тартышы ыктымал. Анан да биз мурда эле акчасын алдын ала төлөп койгон күйүүчү майды жөнөтүүнү завод улам кийинки айга жылдырып, создуктурууда. Бирок бул дүрбөлөң түшүүгө негиз бербейт, -деди Олег Забара. Анын айтымында, кыргыз-казак соода мамилесин мындан да жакшы өнүктүрүүгө болор эле, бирок казак тарап мурда берген убадаларын аткарбай жатат:

- Биз баарыбыз декабрдагы пресс-конференцияны унута элекпиз. Ошондо Казакстандын президенти 2004-жылы Кыргызстанда эгинге жана күйүүчү майга байланыштуу проблема болбойт деп айткан болчу. Эгин менен кандай болуп жатканын билбейм, бирок биз күйүүчү май боюнча маселени сезип келатабыз.

Олег Забаранын маалыматы боюнча, ушул тапта Казакстандын мунай заводдору 1,5 млн. АКШ доллары алдын ала төлөнгөн 6000 тонна күйүүчү майды Кыргызстанга жөнөтүүнү создуктурушууда.

Ошентип, Чымкенттеги мунай иштетүүчү завод эми ремонтко жабылса, Кыргызстан ички муктаждыгын кайсы булактардын эсебинен жабат деген маселе келип чыкты. Забарынын айтымында, азыр Кыргызстандын фирмалары, нефтетрейдерлер ассоцациясы Орусиянын заводдору менен байланыш түзүп, сооданы күчөтүүгө жан үрөп жатат:

- Биз азыр алдын алып Орусиянын мунайзат базарында иштеп жатабыз. Бирок Орусиянын өзүнүн да экспорту көбөйдү - Кытай, Америка мунайзатты көп керектей баштады. Менимче, ал жактан бизге керектүү өлчөмдөгү күйүүчү майды алып кела алабыз деп ойлойм. Ошондуктан, быйыл кризис болбойт.

Олег Забара бирок Орусиядан ташылып келген күйүүчү май жол акысынын эсебинен кымбат болоорун, анын үстүнө таңкыстыкты сезген орус заводдору учурдан пайдаланып, бааны дагы көтөрүп жибериши мүмкүн экенин жашырган жок.

XS
SM
MD
LG