Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:27

ЕККУнун өкүлү Нарында болду


НАРЫН. ЕККУнун өкүлү Петер Фельх Нарын облусунда болуп, губернатор Аскар Салымбеков, облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Аманкул Молдалиев жана бейөкмөт уюмдардын, саясий партиялардын өкүлдөрү менен жолугушту. Анда 10-октябрда боло турган жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышуу кандай, участкалык шайлоо комиссияларынын тизмесин бекитүүдө мыйзам бузуулар болгон жокпу деген өңдүү темада сүйлөштү. Калктын терең катмары эмес, саясий партиялардын өкүлдөрү да шайлоонун жол-жобосун жакшы биле бербестиги, маалыматтын жетишсиздиги, ал гана эмес Шайлоо кодексинин жаңы үлгүсү жетишпегендиги, натыйжада айыл-кыштактарга, райондорго маалымат жетпей, көпчүлүк саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо комиссияларына кирбей калышканы да белгиленди.

XS
SM
MD
LG