БАТКЕН. Облустук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, райондун карамагындагы Баткен шаарынын башчысын шайлоо 10-октябрга белгиленди. Баткен шаарынын мурдагы башчысы Абдыкалык Сейитказиев өз арызынын негизинде ушул айдын башында кызматынан бошогон эле. Мындан сырткары бул күнү Баткен районундагы Карабак айыл өкмөтүнүн башчысынын бошогон орду үчүн да кайра шайлоо өтөт. Өлкө боюнча жалпы айыл өкмөт башчыларына шайлоо өткөн 2001-жылдын декабрынан бери ушуну менен облуста мөөнөтүнө жетпей бошогон жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчыларынын саны 14кө жетти. Алардын үчөө гана башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу орун бошоткон. Ал эми калгандарынын баары өз арызынын негизинде кызматынан кетишкен.