БИШКЕК. Ош облусунда күйдүргү илдетин жугузду деп шектелген 20 чамалаш тургун ооруканага жаткырылды. Бул адамдар илдетти Өзбекстан менен чектеш аймактардан алынып келинген мал этинен жугузуп алышы ыктымал деген шектенүү бар. Бирок аны далилдөөчү фактылар жок. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө коркунучтуу, жугуштуу илдеттер боюнча республикалык борбордун директору Жалалиддин Гайдуллин билдирди. Анын айтымында, Өзбекстан тарап чектеш аймактагы мал-жанда күйдүргү илдети жок экенин билдирип жатышат. Ал эми илдети табылган Араван районундагы райондук прокурордун жардамчысы Жумаев Жыргалбектин айтымында, ылаңдын таралуу фактысы боюнча административдик чаралар көрүлүп жатат, бирок кылмыш ишин козгоо тууралуу сөз боло элек. Буга чейин айрым басма сөз каражаттары күйдүргү илдетин жугузуу жагдайын түздү деген негиз менен эт саткан бир адамга Араван райондук прокуратурасы кылмыш козголгондугун кабарлашкан.