Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:18

Кыргызстанда орточо айлык 47 доллар


БИШКЕК. Кыргызстанда орточо айлык акы 47 долларды же 2015 сомду түзөт. КМШ мамлекеттеринин ичинен Тажикстанда гана айлык акы 19 доллар болуп, Кыргызстандан төмөн. Ал эми КМШ мамлекеттеринин ичинен Россия 221 доллар орточо айлык менен алдыңкы орунда, андан кийин 196 доллар менен Казакстан экинчи орунда турат. Бул тууралуу КМШнын мамлекеттер аралык статистикалык комитети кабарлаганын АКИпресс агенттиги маалымдады. Ал эми бүгүнкү өкмөт жыйынында маалымдалгандай, Кыргызстан мугалимдеринин орточо айлык акысы 560 сом, дарыгерлердин маянасы да ушул сумманын тегерегинде. Каржы министри Болот Абилдаевдин айтымында, келерки жылдан баштап алардын айлыгы 30% жогорулайт.

XS
SM
MD
LG