Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Күйүүчү майга баа көтөрүлөт


БИШКЕК. Бүгүн «АКИпресс» агенттигинде «Нефтетрейдерлер» ассоцациясынын башчысы Олег Забара маалымат жыйынын өткөрүп, сентябрь айынын ичинде күйүүчү майга баа кеминде 2 сомго кымбаттарын билдирди. Анын айтымында, бул дүйнөлүк базарда мунай баасынын өсүшү, ага жараша казак жана орус мунай заводдорунун баа көтөрүшү себеп болууда. Баа көтөрүлөт, бирок күйүүчү майга таңсыктык болбойт, деп белгиледи Олег Забара. Бишкекте 25-августтан тарта бензинге баа дээрлик бир сомго кымбаттады. Маселен, А-93 маркасындагы бензин буга чейин 16 сом 80 тыйын турса, бүгүнкү күндө 17 сом 50 тыйын болуп калды.

XS
SM
MD
LG