БИШКЕК. "Кыргыз республикасынын 2005-жыл үчүн бюджети жөнүндө" мыйзамынын долбоору Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынына сентябрь айында сунушталмай болду. Мыйзам долбоору менен таанышкан өкмөттүк жыйын бүгүн ушундай тыянакка келди. Долбоордо көрсөтүлгөнгө караганда келерки жылдын бюджетинин киреше бөлүгү 15 млн. 670 миң сомду, ал эми чыгаша бөлүгү 16 млн. 173 миң сомду түзөт. Кирешенин өсүш темпи келерки жылы 15% болот. Өкмөттүк жыйында белгиленген маалыматтарга караганда, быйылкы бюджет долбоору жылдагыдан реалдуулугу менен айырмаланат.