Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:15

«Алга, Кыргызстан» жана Ассамблея демилгени колдобойт


БИШКЕК. Ош облусунда түзүлгөн «Элим менен, элим үчүн» аттуу коомдук фонддун жана анын алдындагы «Жакшыга жакшы баа бер!» деген ураанды көтөргөн кыймылдын демилгелерине Кыргызстан элдеринин ассамблеясы жана анын Оштогу бөлүмү, «Алга, Кыргызстан» партиясы эч кандай макулдук беришкен эмес. Аталган тараптардын расмий өкүлдөрү бүгүн ушундай билдирүү жасашты. Мындай билдирүүнү алар «Элим менен, элим үчүн» коомдук фонддун уюштуруучуларынын билдирүүлөрүнөн улам жасашты.

Ош аймагында түзүлгөн фонд Конституцияга референдум аркылуу өзгөртүү киргизүү жана президенттин мөөнөтүн узартуу максатында кол топтоого киришип жатканын, бул демилгени бир катар башка тараптар менен бирге Кыргызстан элдери ассамблеясынын Оштогу филиалы, «Алга, Кыргызстан» партиясынын катарына кирген «Жаңы кыймыл» партиясы да колдоп жатканын «Азаттыкка» ушул шейшембиде фонддун уюштуруучулары маалымдашкан.

XS
SM
MD
LG