Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:13

АКШлык элчи тажик өкмөтүн келерки жылкы шайлоонун эркин өтүшүнө тоскоол болбоого үндөдү


Элчи Ричард Гоугланд Дүшөнбүдөгү маалымат жыйынында шайлоону калыс жана ачык өткөрүүгө чакырды.

- Мен шайлоо жараяны өкмөт тарабынан катуу тескелиши - мурдагы советтик доордон келаткан салт экенин түшүндүм. Ошентсе да, ар башка көз караштарды урматтаган реформачыл өлкө аброюн өнүктүрүп келаткан Тажикстан шайлоодо бийлик ресурстарын пайдалануудан мурун жакшылап ойлонот деп үмүт кылам, - деп басым жасады Америкалык элчи.

Мурунку күнү АКШ баштаган Батыш мамлекеттери Тажикстандагы сөз эркиндигинин абалына байланыштуу тынчсыздануусун билдиришкен.

XS
SM
MD
LG