Дагы 2 милларддан ашуун киши же жер жүзүндөгү калктын 40%ына жакыны жетиштүү санитардык шарттарда жашабайт. ЮНИСЕФ уюму кир суудан жана тазалыктын жетишсиздигинен айрыкча жаш балдардын ден соолугуна залал келип жатканын билдирди. "Жыл сайын диаррея өңдүү ушундай шарттардан келип чыккан оорулар 2 миллиондой адамдын өмүрүн алып кетүүдө, алардын басымдуу бөлүгү беш жашка чейинки жеткинчектер", - деп айтылат эл аралык уюмдун жаңы отчетунда.