Ал кырсыктарды иликтөө боюнча комиссиянын башчысы, транспорт министри Игорь Левитин азырынча 89 кишинин өмүрүн алган авиакырсыктын себептери белгисиз экенин кошумчалады. "Учакты башкарган экипаж өзгөчө кырдаал учурунда жөнөтүлчү белгини берип, бирок эч кандай маалымат айтууга үлгүргөн эмес. Бардык ыктымал себептерди иликтеп жатабыз, азырынча алар аныкталып бүтө элек", - деди Орусиянын транспорт министри.
Орусияда шейшембиде кыйраган эки учактын бирөө өзгөчө кырдаал жөнүндөгү белги берүүгө үлгүргөн