Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:22

Нажафта үч жумага созулган куралдуу козголоңду токтотуу макулдашылды


Мындай келишим Ирактык шийилердин диний көсөмү Аятолла Али ас-Систани менен Нажафтагы шийи согушкерлеринин лидери Муктада ас-Садрдын ортосунда жетишилди. Беш жободон турган тынчтык планы боюнча Нажафтан чет элдик аскерлер чыгарылып, курулуш жайларына келтирилген зыяндын чыгымын Ирактын өкмөтү өз мойнуна алышы керек. Ас-Садрдын жоочулары Имам Алинин күмбөзү баштаган ыйык жайларды бүгүн таңкы саат 8де бошотуп, куралдарын таштоого тийиш. Ирактын утурумдук өкмөтү бул планды кабыл алганы маалымдалды. Кечээ эртең менен ирактык шийилердин Куфа калаасынан Нажафка бараткан жөө кербенине белгисиз адамдар чабуул коюп, 25 кишини өлтүрүшкөн. Ирактын саламаттыкты сактоо министрлиги соңку кагылышууларда 74 киши жантаслим болуп, 376 адам жараат алганын билдирди.

XS
SM
MD
LG