Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:59

ИСЛАМ БАТЫШТЫН КӨЗҮ МЕНЕН


Батышта ислам динине болгон мамиле улам начарлап баратат. Өзгөчө 2001-жылдын 11-сентябрындагы жана быйыл Мадридде 11-мартта болгон терракттардан кийин Батыш прессасында ислам мокочо катары көрсөтүлө баштады. Жаңылыш ой-пикирден арылуу үчүн ал жердеги мусулмандар саясий активдүүлүгүн арттырууга тйииш. Ушундай ой мусулман илимпоздорунун Иорданияда үстүбүздөгү жумада өткөн жыйынында айтылды.

Жыйын жөнүндө сөздү улантаардын алдында, айдын башында болгон бир окуяны эсиңиздерге сала кетейин. Британиянын өкмөттүк Британ кеңеши же Бритиш Каунсил уюмунун басма сөз кызматкери “исламдын кара жүрөгү” деген мазмундагы макалалардын автору болгондугу ачыкка чыгып калган. “Сандэй телеграфка” Уил Камминз деген псевдоним менен жазып жүргөн автор макалаларынын биринде мусулмандарды иттер менен салыштырат. Британиядагы мусулман уюмдары мындай макалалар рассалык, диний жек көрүүчүлүккө түрткү болууда деп нааразылыгын билдиришкен эле. Британиядагы мусулмандар кеңешинин басма сөз өкүлү Инаят Бунглаваланын айтымында: “Гезиттин бир эле макаланы эмес, 4 макаладан турган түрмөктү басып чыгышы мусулмандарды кордоо болуп эсептелет".

Батыштын башка бир абройлуу гезити, Италиянын эң көп сатылган “Коррьере делла серасы” Европа исламдын колониясы болуп калуу коркунучуна кептелди деген китептен үзүндүлөрдү басып чыкты.
Калыс болуш үчүн бул публикация да катуу сынга кабылганын айта кетүү абзел. Бирок кандай болбосун, бул соңку эле фактылар Батышта мусулмандарга болгон мамиле начарлап баратканын айгинелейт.

Бул проблема ушул аптада Иорданияда өткөн конференцияда талкууланды. Дүйнөнүн чар тарабынан чогулган мусулман илимпоздору исламды эскичил, зомбулука үндөгөн дин катары сыпаттоо аракеттерине туруштук берүүгө убакыт келип жеткенин баса белгилешти. Конференцияны уюштурган уюмдардын бири, Аал Ал Байт фондунун директор жардамчысы Фарух Жаррар мындай дейт:

- Массалык маалымат каражаттары менен кээ бир мусулмандардын аракеттери Исламга карата терс көз карашты жайылтууда. Гезиттер исламды ушунчалык жамандап жатышат, атүгүл батыш дүйнөсүнүн айрым интеллигенттери ислам башынан эле өтө реакциячыл дин болчу деп ырастай башташты.

- Батышта, өзгөчө, Европада көп сандагы мусулмандар бар. Бирок көпчүлүк учурда алар жашаган өлкөсүндөгү негизги саясий окуяларга катышпайт. Биз аларды саясий турмушка үн катып, активдүү болууга чакырабыз. Ислам буга каршы эмес.

Берлиндеги мусулман академиясынын төрагасы Абдул Хади Хоффман анын бул пикирине толугу менен кошулат:

- Мен өзүмдүн Германиядагы тажрыйбама таянып буларды айта алам. 90-жылдары Бонндогу жогорку саясий жыйындардын биринде отуруп, саясатка аралашуунун өзү эле чоң өзгөрүүлөргө алып келген. Ушундай жагдайда элдер мусулмандар айры-кашыкты колдонгонду, добуш бергенди билген, тынч кошуналар экенин түшүнүп, исламдын имиджи өзгөрөт.

Британиядагы мусулмандар кеңешинин басма сөз өкүлү Инаят Бунглаваланын айтымында, 650 орундуу парламентте азыр 2 мусулман бар. Бирок ал өлкөдө жашаган 1 жарым миллиондой мусулмандын көпчүлүгү саясий жактан өтө пассивдүү бойдон кала берүүдө.
XS
SM
MD
LG