Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:41

28-августка аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо борборунун кабарлоосуна караганда, бүгүн 28-августта Ысыккөл, Нарын облустарында кыска мөөнөттө жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:
ЧҮЙ өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +29…+34 градус.
ТАЛАСТА түнкүсүн +9…+14, күндүз +26…+31.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД дубандарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35 градус ысык.
НАРЫН, ЫСЫККӨЛ аймактарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27 градус.
БИШКЕК шаарында сейрек булут каптап турат. Батыштан мелүүн желаргы жүрүп, түнкүсүн +16…+18, күндүз +31…+33 градус ысык болушу күтүлөт.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Бурулкан Сарыгулова, Бакыт Аманбаев жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG