Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:48

Туристтик кызмат көрсөтүү ассоциациясы облус калкына кайрылуу жолдоду


КАРАКОЛ. Аталган ассоциациянын президенти жана Ысыккөлдү аймактык өнүктүрүү боюнча ТАСИС программасынын башчысы Талант Абдыкасымовдун айтымында, быйылкы жайкы эс алуу мезгилинде Ысыккөлгө өткөн жылдарга салыштырмалуу чет өлкөлүк туристтер көп келди. Бирок облустун аймагында, айрыкча Каракол шаарында Франциядан, Белгиядан, Румыниядан жана Орусиядан келген туристтерге муштум көтөргөн, алардын баалуу буюмдарын тоногон фактылар кездешти. Маселен, 18-августта Каракол шаарынан франциялык эки турист тонолгону тууралуу тартип коргоо органдарына билдиришкен. Мындай жагымсыз көрүнүш Ысыккөлдө туризмди өнүктүрүүгө терс таасирин тийгизүүдө. Мындай маалымат ассоциация уюштурган пресс-конференцияда ачыкталды.

XS
SM
MD
LG