Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:53

Райондук прокуратура аманатчылардын пикетке чыгуусуна тыюу салды


БИШКЕК. Ички иштер министрлигинин Биринчи май райондук милиция жана прокуратура кызматкерлери «Рентонгрупп» ишкана жетекчилигине алданган аманатчылардын демилгелүү тобунун Наталья Туманова жана Галина Янчарук аттуу эки өкүлүн алты саат карамашып, алардан «31-августта Алатоо аянтына наразылык акциясына чыкпайм» деп тил кат жазып берүүнү талап кылышкан. Кол коюга каршы болгон аманатчыларга райондук прокуратура мындан ары мыйзам бузууга барбоону эскертип, бошоткон. Бул тууралуу бүгүн Галина Янчарук «Азаттыктын» кабарчысына маалымдады. Ошондой эле Галина Янчарук райондук милиция кызматкерлинин терс мамилелерине байланыштуу ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнө кайрыларын билдирди. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын жетекчиси Жолдошбек Бусурманкулов аманатчыларга ички иштер бөлүмү эскертүү бергенин бышыктап, бирок аталган дооматтарын төгүнгө чыгарды.

«Рентонгрупп» ишкана жетекчилигине алданган миңге жакын атуул 26-августта Акүйдүн алдына нааразылык акциясына чыгышып, «бир жылдан бери акчабызды кайтарып берүүгө көмөктөшпөйт» деп мамлекет башчы Аскар Акаевди күнөөлөшкөн. Көп өтпөй милиция кызматкерлери аманатчылардын демилгелүү тобунун жогорудагы эки өкүлүн кармап кетишкен.

XS
SM
MD
LG