Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:00

Германия президентинин куттуктоосу


БИШКЕК. Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 13 жылдыгына байланыштуу Германиянын Федералдык президенти Хорст Кёлер президент Аскар Акаевдин наамына кат жолдоду. Телеграммада президент Кёлер Германия Кыргызстан менен буга чейин кандай кызматташып келсе, мындан ары да реформа жүргүзүү багытында ишенимдүү өнөктөштөштүктү уланта берерин билдирген. Ага негиз катары телеграммада адам укуктары белгиленип, 2005-жылы эркин жана демократиялуу шайлоо өткөрүү менен Кыргызстан жемиштүү келечекке карай маанилүү кадам жасай алат деп айтылат. Куттуктоо телеграммасы тууралуу маалыматты бүгүн Германиянын Кыргызстандагы элчилиги таратты.

XS
SM
MD
LG