Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:06

Эгемендүүлүктүн 13-жылдыгына карата Алатоо аянтында намаз окулду


БИШКЕК. Бүгүн Бишкектеги Алатоо аянтында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 13-жылдыгына карата намаз окулду. Адегенде Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Муратаалы ажы Жуманов эгемендүүлүк жылдарындагы дин эркиндиги тууралуу сөз сүйлөдү. Андан соң Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов, АКШнын, Туркиянын, Пакистандын жана башка өлкөлөрдүн Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчилери мусулмандарды жана жалпы эле кыргыз элин эгемендүүлүк майрамы менен куттукташты. Куттуктоо сөздөрдөн соң намаз окулуп, өлкө келечегине жакшы тилектер айтылып, бата берилди.

XS
SM
MD
LG