Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:37

Баткен обласында мугалимдердин облустук август кеңешмеси өткөрүлдү


БАТКЕН. 28-августта Баткен облусунда мугалимдердин облустук-август кеңешмеси өттү. Кеңешмеде облустук Билим берүү башкармасынын башчысы Чынара Ахмедова өткөн окуу жылдын жыйынтыгы, жаңы окуу жылына даярдыктар жөнүндө билдирүү жасады. Анда өткөн окуу жылында мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасында 16, эл аралык олимпиадаларда беш окуучу байгелүү орундарды ээлегени, бирок мындай ийгиликтерге саналуу гана мектептер жетишип жаткандыгы айтылды. Облустагы 209 мектептин 186 оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн. Өткөн окуу жылдын эле 492 мугалими мектепти таштап кетип, учурда облуста 745 мугалим жетишпейт. Окуу китептери менен камсыздоонун деңгээли да төмөн бойдон калууда. Мындай билдирүүдөн соң жарыш сөзгө чыккан айрым мугалимдер эмгек акынын аздыгынан мектептен кетип жаткан мугалимдердин саны күн санап өсүп жатканын, мугалимге болгон мамиле оңолмоюн, коом оңолбостугун белгилешти.

XS
SM
MD
LG