Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:17

Ичкелте сээлдеп калды


БИШКЕК. Жакынкы күндөрү Ош облусунун Карасуу районунда ичкелте илдетин жугузган беш адам ооруканага жаткырылды. Анын себептери аныктала элек. Ал эми Бишкек шаарында ич өткөк менен жабыркагандардын саны көбөйүп жатат. Бул тууралуу жума күнү Мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башкы адиси Инна Чернова кабарлады. Ал эми Баткен жана Талас облустарында август айынын башында күчөп кеткен жугуштуу ичкелте илдети басылды. 25-июлдан 2-августка чейин Баткен облусунда 200 адам ооруканага жаткырылып, алардын ичинен 89 адам ичкелте илдетине кабылгандыгы аныкталган. Талас облусунда ушул эле учурда ооруканага шектүү катары жаткырылган 15 адамдын 11и ичкелте менен ооруганы аныкталган. Адистин айтымында, илдеттин пайда болушуна арыктан суу ичүү жана санитардык таза эмес жагдай себеп болгон.

XS
SM
MD
LG