Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:11

Колин Пауэлл Афинага барбайт


Афина. Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Афинада эртең аяктай турган Олимпиада оюндарынын жабылыш аземине барбай турган болду. Бул тууралуу бүгүн АКШнын мамлекеттик өкүлү Ричард Баучер кабарлап, мамлекеттик катчы бул чечимин Вашингтондогу жумуштардан колу бошобой жаткандыгы менен түшүндүргөндүгүн айтты.

Кечээ Афинанын полициясы Олимпиада оюндарына америкалык катчынын келишине каршы демонстрацияга чыккан 2 миңге жакын адамды араң токтоткон.

Алар АКШнын Грекиядагы элчилигине кирүүгө аракет жасашкан эле. Пауэлл буга чейин Афинада өтүп жаткан Олимпиада оюндарынын жабылыш аземине катышаарын билдирген болчу. Америкалык катчынын келишине каршы чыккандар АКШнын Ирактагы саясатына кошулбай тургандыктарын демонстрациялар аркылуу ушундайча билдиришти.

Дүйнөлүк соңку жаңылыктарды Прагадан Төрөкул Дооров даярдады.

XS
SM
MD
LG