Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 01:02

Чеченстанда президенттик шайлоого карата өнөктүк токтотулду


Грозный. Орусиянын курамындагы Чеченстан республикасында эртең өтүүчү президенттик шайлоого карата өнөктүк жараяны бүгүн ырасмий түрдө токтотулду.

Үстүбүздөгү жылдын 9-майында республиканын президенти Ахмад Кадыров Грозныйдагы стадиондо болгон жардыруудан көз жумган. Андыктан, бул жолку шайлоо мөөнөтүнөн мурда өткөрүлүп жатат.

Президенттик так үчүн 7 талапкер ат салышмакчы. Бүгүн республиканын ар кайсыл жерлеринде орнотулган шайлоо чөлкөмдөрүндө баардык үгүттөө барактары алынып, шайлоого карата акыркы даярдыктар көрүлүүдө.
XS
SM
MD
LG