Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:42

ФБРде Израилдин тыңчысы барбы?


Вашингтон. АКШнын Федералдык иликтөө бюросу (ФБР) Пентагондо иштеген чиновниктердин бири Израилдин тыңчысы болушу мүмкүн деген кабарды текшерип жатат. Ага ылайык Израилдин Пентагондогу ыктымал тыңчысы Вашингтондун Иран боюнча саясаты тууралуу жашыруун маалыматтарды Тель-Авивке берип турган. Өз кезегинде Израиль бул өңдүү айыптарды кескин четке какты.

Израилдин Тышкы иштер министрлигинин өкүлү жана Коргоо Комитетинин төрагасы Ювал Стейниц Израилде АКШ өкмөтүнө каршы эч кандай тыңчылык аракеттери жок экендигин билдирди.

- Мен Кошмо Штаттардын бийликтерине ишенем, ошондуктан бүгүн өткөрүлүп жаткан текшерүүдөн соң, алар израилдик бийликтерге тагып жатышкан айып туура эмес экендигин түшүнүшөт го деп ойлойм, - деди Израилдин Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Ювал Стейниц.

XS
SM
MD
LG