Хартум. Кызыл жарым ай коому бүгүн Судан боюнча докладын жарыялады. Анда айтылгандарга караганда, Судандын батышындагы Дарфур провинциясынын айрым кыштактарында 1 миллионго жакын адам ачкачылыкта калууда. Тамак-аш азыктары, негизинен, лагерлерлерде жашаган качкындарга берилет. Азык-түлүктү ал кыштактарга ташып баруу өтө кооптуу, анткени куралчан араптар провинциянын кара түстүү элине тынымсыз чабуул жасап турушат. Дүйшөмбүдө Бириккен улуттар уюму Суданга Дарфурдагы кырдаалды жакшыртуу үчүн берген мөөнөт аяктайт. Эгерде уюм аймакта коопсуздук дале калыптана элек деп тааныса, анда Суданга каршы түрдүү санкциялар киргизилиши керек.