Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:05
Нажаф. Өткөн түн акыркы бир канча жумалардан кийин Нажаф шаарында биринчи жолу тынч өттү. Имам Алинин мечитинде жашынып, коалиция күчтөрүнө каршылык көрсөтүшкөн радикал шийилердин жетекчиси Моктада ас-Садрдын адамдары мечитти бошотушту. Ал эми шаардык тургундар акырындап бузулган үйлөрүнө кайтып жатышат. Бейшемби күнү кечинде улуу аятолла ас-Систани Моктада ас-Садрды куралды таштап, кан төгүүнү токтотууга көндүргөн.

Ошол эле учурда, Багдаттын Садр калаасында америкалык аскерлерге чабуул жасалды. Акыркы маалыматтарга ылайык, андан америкалык аскерлердин эч кимиси жапа тарткан жок.
​
XS
SM
MD
LG