Москва. Бүгүн Орусиянын федералдык коопсуздук кызматынын өкүлү Сергей Игнатченко шейшембиде кырсыкка учураган экинчи учактын калдыктарынан да жардыргыч зат табылганын айтты. Буга чейин биринчи учакта ушул эле жардыргыч заттын түрү табылган эле. Бул – гексоген.
Ошентип, шейшембиде Москванын “Домодедово” аба майданынан Сочиге жана Волгоградка багыт алган “эки учак тең террор актысына учураган болушу мүмкүн” деген божомол азыр негизги версия катарында каралууда.
Анын арасында, орус бийликтери аба майдандарында жүргүнчүлөрдү текшерүү ишине жаңы тартиптерди киргизишти. Коопсуздук чарасы ушул аптада эки учак кырсыкка учурап, 89 адамдын өмүрүн алып кеткенден кийин көрүлүп жатат.