Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:40

Президент аскерлерди кызматтан бошотуу жана чакыруу тууралуу жардык чыгарды


БИШКЕК. Президент Аскар Акаев Куралдуу күчтөрдүн жана башка аскерий курамдардын тутумунда аскердик, ошондой эле альтернативдик негизде кызмат мөөнөттөрүн өтөп бүткөндөрдү үйлөрүнө кайтаруу тууралуу жардыкка кол койду. Аталган жардыкка ылайык, ошондой эле, 2004-жылдын сентябрь-октябрь айларында аскердик жана альтернативдүү кызматка жарактуу жарандар кызмат өтөөгө чакырылат. Президенттин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, бул жардык «Кыргыз республикасынын жарандарынын жалпы аскердик милдеттери жөнүндөгү» жана «Алтернативдик кызмат жөнүндөгү» мыйзамдардын негизинде чыгарылды. Бул мыйзамдарга ылайык аскерге Кыргызстандын 18 жашка чыккан, аскер кызматына жарактуу жана мурда негиздүү себептер менен кызмат өтөө убактысы кийинкиге жылдырылган улуу курактагы жарандар чакырылат.

XS
SM
MD
LG