Линктер

шейшемби, 30-май, 2017 Бишкек убактысы 12:00

Кыргыз өкмөтү жабылган банктардын аманатчыларын колдоо тууралуу токтомго кол койду


БИШКЕК. Өкмөт башчы Николай Танаев буга чейин «кудуретсиз» деп жабылган коммерциялык банктардын аманатчыларына акчалай компенсация төлөп берүү тууралуу токтомго өзгөртүү-толуктоо киргизген жаңы токтомго кол койду. Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, мындай токтом банктарга салган акчаларын мамлекеттик баалуу кагаздарга 2004-жылдын 31-мартына чейин алмаштырууга үлгүрбөй калган аманатчылардын тизмесин кошумча тактоо жана «Инсан», «Меркюри», «Курулуш» банктарындагы акчалары күйүп кеткен аманатчылардын акчасын баалуу кагазга алмаштыруунун мөөнөтүн узартуу максатында жасалды.

XS
SM
MD
LG