Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:40

Кытай менен Индиянын чегара аскерлери алгачкы ирет биргелешкен машыгуу өткөрүштү


Ишембиде Тибет тоолорунда 4 миң 150 метр бийиктикте өткөн машыгуу чегарадагы бейпилдикти камсыздоо боюнча иш-чаралардын алкагында уюштурулду, - деп билдирди Кытайдын “Синхуа” агенттигине коргоо министрлигинин өкүлү.

Март айында тараптар куралдуу күчтөр ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө макулдашышкан эле. Дүйнөнүн эң көп калктуу эки өлкөлөрүн бөлгөн чегара илгертеден эле эң чыңалган аймак болуп эсептелет. 1962-жылы чегарадагы кырдаал Кытай менен Индия ортосундагы кыска мөөнөттүү согушка да алып келген эле.

XS
SM
MD
LG