Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:47

Пентагондун бир кызматкери Израилдин пайдасына тыңчылык үчүн шектелүүдө


Батыш маалымат каражаттары кабарлагандай, АКШнын Федералдык иликтөө бюросу Пентагондо иштеген бир кызматкердин иши боюнча тергөө жүргүзүп жатат. Пентагондун аты аталбаган аналитиги АКШдагы израилчил топту Иранга байланышкан өтө жашыруун маалымат менен камсыздаган деп шектелүүдө. Ошол топ өз кезегинде маалыматты Израиль өкмөтүнө өткөрүп берген имиш.

Израиль парламентинин мүчөсү Ювал Штейництин ырастоосунда, бул маалымат чындыкка дал келбейт:

- Израиль Кошмо Штаттарында же Пентагондо эч кандай тыңчылык кылган эмес. Мен буга толугу менен ишенем. 20 жыл илгери болгон Поллард ишинен кийин АКШга же АКШнын өкмөтүнө каршы тыңчылык кылбоо жөнүндө так чечим кабыл алынган. Андыктан, бул ишке Израилдин тиешеси жок деп мен 100 пайыз ишенем.

XS
SM
MD
LG