Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Франциянын тышкы иштер министри Ирактагы француз туткундарын бошотуп алуу үчүн жолго чыкты


Франциянын президенти Жак Ширак эки журналистти куткаруу үчүн, тышкы иштер министри Мишел Барниерди Жакынкы Чыгышка жиберүүдө. Кризистин айынан Жак Ширак Орусиянын жана Германиянын мамлекет башчылары менен Сочиде өтө турган жолугушууга кечигип бара турган болду.

Өздөрүн Ирактын Исламдык армиясы деп атаган партизандар Франциянын өкмөтүнөн француз мектептеринде мусулман кыздардын жоолукчан жүрүшүнө салынган тыюну күчүнөн кетирүүгө бүгүн кечке чейин убакыт беришкен.

Франциянын мусулман кеңешинин жетекчиси Далил Бобакер Иракта журналисттердин барымтага алынышын айыптап, бул окуяны Исламда жол берилбеген карамүртөздүк деп мүнөздөдү. Палестин лидери Ясер Арафат да журналисттерди дароо бошотууну талап кылды. Радио Франс Интернэшнэлдин жана Ла Фигаро гезитинин кабарчылары Кристиан Шасно менен Жорж Малбруно Иракта 20-августта жоголгон эле.

XS
SM
MD
LG