Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:44

Иракта түркиялык туткундар бошотулду


Түркиянын тышкы иштер министрлиги билдиргендей, инженерлер Али Даскин менен Абдулла Өздемир кечээ Түркиянын Багдаддагы элчилигине жеткирилди.

Экөөнү Ирактагы курулуш жайынан уурдап кетишкен эле. Шаршембиде Түркиянын эки көз карандысыз телеканалында көрсөтүлгөн видеотасмада барымтачылар алар иштеген фирмалар ишин үч күндүн ичинде токтотпосо, туткундарды өлтүрүп салаарын эскертишкен. Мындан бир нече саат өтпөй инженерлер эмгектенген ишканалар Ирактан адистерин чыгарып алып кетишээрин жарыялашты.

XS
SM
MD
LG