НАРЫН. Коммунисттер партиясынын Нарын шаарындагы өкүлдөрүнүн демилгеси менен Лениндин эстелигинин алдында митинг болуп, эстеликти башка жакка көчүрүү маселеси талкууланды. Ага облустук, шаардык бийлик жетекчилиги, облустук театрдын эмгек жамааты жана 80-100 айланасындагы адам катышты. Коммунисттер партиясынын облустук аткаруу комитетинин лидери Муса Алыбаев эстеликти борбордук аянттан педагогикалык окуу жайынын алдына которуу азыркы мезгилге жараша туура чечим деп белгилеп, эстеликтин бүтпөгөн кем-карчтарын толук бүткөрүүнү жергиликтүү бийликтен өтүндү. Ал эми губернатордун орун басары Айнагүл Чылабаева эстелик үчүн атайын марафон өткөрүүнү сунуштады.