Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:55

Таланттарга эстелик коюлду


БИШКЕК. Жекшембиде Шабдандын Кемин районунун Кызылбайрак айылындагы эстелик мемориалында кыргыз элинин таланттуу комузчусу Муратаалы Күрөнкеев менен композитор Абдылас Малдыбаевдин эстелиги ачылды. Аларды ачуу салтанатына президент Аскар Акаев катышып, кыргыз элинин арасында мындай сейрек таланттар дагы жараларына ишенгендигин билдирди. Президент ага чейин белгилүү актриса Бакен Кыдыкееванын Токмок шаарына коюлган эстелигинин ачылышына жана Кызылбайрак айылындагы орто мектептин ачылышына да катышты. Мындай маалыматты бүгүн президенттин басма сөз кызматы таратты.

XS
SM
MD
LG