Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:33

АКШ элчиси кыргыз элин куттуктады


БИШКЕК. Бүгүн АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг кыргыз элин АКШнын президенти Жорж Буштун жана жалпы америкалыктардын атынан эгемендиктин 13 жылдыгы менен куттуктады. Анда Кыргызстандын калкы эгемендик жакшы жашоону тандап алууга мүмкүнчүлүк берди деген ишеничте экендигин белгилеп, азыр 13 жыл мурдагы жашоого кылчайып карап келечек үчүн жакшы сабактарды алчу мезгил экендигин билдирди. Ислам дини Кыргызстанда күчтүү экендигин жана аны менен кошо башка диндерди тутууга жол ачык экендигин белгилеп, аны демократиянын көрүнүшү деп баалады. Ошондой эле дин тутуу эркиндиги Кыргызстан менен АКШнын кызматташуусундагы зарыл көпүрө экендигин жана АКШ Кыргызстандын эгемендигин колдой бере тургандыгын билдирди.

Эгемендик күнү менен куттуктаган телеграммалар дүйнөнүн көптөгөн мамлекет жетекчилеринен да келди.

XS
SM
MD
LG