Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:58

Чеченстандагы шайлоого карата Кыргызстандык саясатчылардын пикири ар кыл


БИШКЕК. Чеченстанда жекшемби күнү өткөрүлгөн президенттик шайлоонун жыйынтыгына карата Кыргызстандык саясатчылардын пикири ар кыл. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Өмүрбек Текебаевдин пикиринде, Чеченстандагы президенттик шайлоо демократиянын принциптерин жана бир катар мыйзамдарды бузуу жолу менен өткөрүлдү:

- Ошондой болсо да согуштук абалдагы Чеченстандагы шайлоонун жыйынтыгы Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстанда болуучу парламенттик, президенттик шайлоолордо карапайым элдин аң-сезимине эч кандай таасирин тийгизбейт, - дейт Өмүрбек Текебаев.

Ал эми «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун башчысы Төлөйкан Исмаилованын пикиринде, Чеченстандагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын Орусиянын империялык саясатынын уландысы катары кароого болот. Ал эми жаңы президенттин шайланышы Чеченстанда тынчтыкты калыбына келтирбей, тескерисинче, элдин патриоттук сезимин ойготуп, өлкөдөгү кырдаалды курчутат.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Орозбек Дүйшеев болсо Чеченстанда жаңы президенттин шайланышы менен өлкөдө тынчтык орношу толук ыктымал экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG